11.09.2018 09:00

Билим министрлиги: «Сапат»  тууралуу чечимди министрлик жана кыргыз жарандары кабыл алат

Билим министрлиги: «Сапат»  тууралуу чечимди министрлик жана  кыргыз жарандары кабыл алат

КР Билим берүү жана илим министрлиги  эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барып жаткан аралаш менчик түрүндөгү мекеме экенин билдирди.

Министрликтин айтымына караганда, мекемени кайра түзүү, же бирөөгө өткөрүп берүү боюнча чечим Уставга ылайык негиздөөчүлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат. Негиздөөчүлөрдүн курамына Кыргызстандын жарандары жана КР Билим берүү жана илим министрлиги кирет.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин жана Түркиянын  «Маариф» фондунун ортосундагы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык, «Маариф»  фондунун ишмердүүлүгү тууралуу өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоо боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүлгөн. Келишимдин долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, документ ратификациядан өтүшү керек.